“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Коом | 09.07.2026
  • |

Өзбекстанда I Эл аралык ислам цивилизациясы форуму өтүүдө

«Ислам цивилизациясынын руханий мурасы: хадис, фикх, акыйда жана агартуу» аттуу I пленардык жыйындын алкагында уюштурулган Муфтийлер секциясына ислам дүйнөсүнүн кадыр-барктуу дин аалымдары жана башкы муфтийлери катышышты.

Аталган жыйынга Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы, Муфтий Шейх Нуриддин Холикназар, Кавказ мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы, Шейхулислам Аллашүкүр Пашазаде, Египеттин башкы муфтийи Шейх Назир Мухаммад Айяд, Иорданиянын муфтийи Шейх Ахмад Хасанат, Россия мусулмандарынын Борбордук дин башкармалыгынын төрагасы Шейх Талгат Тажуддин, Казакстандын башкы Муфтийи Шейх Наурызбай ажы Тағанулы жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Шейх Абдулазиз кары Закиров баштаган аалымдар баяндама жасашты.
Жыйындын жүрүшүндө дин жетекчилери бүгүнкү татаал мезгилде мусулман үммөтүнүн алдында турган эң орчундуу маселелерди, ислам агартуусун кеңири жайылтуу жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо багытындагы актуалдуу темаларды кеңири талкуулашты.
Мындан тышкары, чет өлкөлүк муфтийлер өлкөдө ата-бабалардын руханий мурасын кайра жандандыруу багытында жүргүзүлүп жаткан масштабдуу иштерге жогору баа беришти. 
Өзгөчө форум өтүп жаткан Ислам цивилизациясы борборунун архитектуралык көркү, мазмундук мааниси жана илимий мүмкүнчүлүктөрү тууралуу суктануу менен айтып, бул борбор келечекте дүйнөлүк ислам илиминин ири эл аралык платформаларынын бирине айланып жатканын өзгөчө белгилешти.