«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Түрк мамлекеттеринин муфтийлери Азербайжанга жасаган иш сапарынын алкагында Баку шаарындагы Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин рухуна багыштап Куран окушуп, дуба кылышты.
Бул саамалык түрк мамлекеттеринин ортосундагы бир туугандык мамилелерди, өз ара урмат-сыйды жана руханий баалуулуктардын маанилүүлүгүн дагы бир ирет айгинеледи.