"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Регионы | 29.04.2026
  • |

Нуридин ажы Мамасабиров Жумгал районунда имамдарга жыйын өткөрдү

КМДБнын Нарын облусундагы өкүлү Нуридин ажы Мамасабировдун кезектеги жыйыны Жумгал районунда өткөрүлдү. Иш-чара райондук администрациянын жыйындар залында уюштурулуп, ага район акими Адыбек Набиев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле райондун баш имам-хатибинин м.а. Болоткан Эсенбеков жана айыл имамдары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө район акими аймактагы диний абал туруктуу экенин белгилеп, дин кызматкерлери менен тыгыз кызматташтык жолго коюлганын баса белгиледи. Ошондой эле жергиликтүү деңгээлде чечүүнү талап кылган айрым документтик жана уюштуруучулук маселелер көтөрүлүп, бул багытта биргелешип иш алып баруу зарылдыгы айтылды.

Өз кезегинде облус өкүлү Нуридин ажы Мамасабиров имамдардын 1-кварталда аткарган иштерине кеңири талдоо жүргүзүп, муфтият жана өкүлчүлүк тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылыш деңгээлин карап чыкты. Ал имамдарды ишти ыкчам жана жоопкерчиликтүү алып барууга чакырып, айрыкча төмөнкү маселелерге көңүл бурууну белгиледи:
— айыл ичиндеги маанилүү окуялар боюнча ыкчам маалымат берүү;
— ысырапкорчулук жана ашыкча жөрөлгөлөрдү азайтуу, элге түшүндүрүү иштерин күчөтүү;
— жума баяндарын өз убагында мазмундуу өткөрүү;
— мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташуу;
— коомчулук алдында жүрүм-турумга, сырткы келбетке өзгөчө көңүл буруу.

Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө айрым чечилбей келе жаткан маселелер да ортого салынды. Тактап айтканда, кээ бир айылдарда мечиттердин документтери толук бүткөрүлбөй жатканы, дин кызматкерлеринин социалдык абалы, ошондой эле ысырапкорчулукка каршы жүргүзүлүп жаткан иштердин жетишсиздиги белгиленип, бул багытта системалуу иш алып баруу зарылдыгы айтылды.

Жыйын соңунда райондук бийлик өкүлдөрү көтөрүлгөн маселелерди этап-этабы менен карап чыгып, тиешелүү жардамдарды көрсөтөрүн билдиришти. Ал эми өкүлчүлүккө тиешелүү маселелерди ыкчам карап, кыска мөөнөттө чечүү боюнча Нуридин ажы Мамасабиров тарабынан имамдарга конкреттүү тапшырмалар берилди.