«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Адал бөлүмү Балыкчы шаарында жайгашкан «Агро Куш» компаниясынын кызматкерлери үчүн мал-жандыктарды шарият талаптарына ылайык адал союу боюнча эки күндүк теориялык жана практикалык окуу өткөрдү.
Окуу программасынын алкагында катышуучуларга адал союунун шарияттагы негиздери, касапчыга коюлуучу талаптар, малды союуга даярдоо, союу процессинде колдонулуучу шаймандар, санитардык-гигиеналык нормалар, коопсуздук эрежелери жана адал менен арамдын аралашуусуна жол бербөө чаралары боюнча кеңири маалымат берилди.
Ошондой эле мал-жандыктын саламаттыгын текшерүү, союу учурунда Аллахтын ысымын айтуу, канды толук агызуу, малга ырайымдуулук менен мамиле кылуу жана өндүрүштүк процессте шарияттык талаптарды так сактоо боюнча практикалык сабактар өткөрүлдү.
Сабактарды КМДБнын Адал бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев жана аталган бөлүмдүн кызматкери Дастан ажы Нукунов өтүштү. Окуунун жыйынтыгында катышуучулардын алган билими бааланып, программаны ийгиликтүү аяктаган кызматкерлерге атайын сертификаттар тапшырылды.
Бул окуу «Агро Куш» компаниясындагы союу иштеринин шарият талаптарына, санитардык нормаларга жана адал өндүрүш принциптерине ылайык жүргүзүлүшүнө өбөлгө түзөт.