«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 14.08.2026
  • |

Ажы башчылыкка талапкерлерди каттоо башталат

Ажы башчылыкка талапкерлерди каттоого алуу Кыргызстан боюнча 15-августтан 14-сентябрь, саат17:00 гө чейин «Ажылык» мамлекеттик санариптик системасы аркылуу жүргүзүлөт. 

Ажы башчылыкка талапкерлер үчүн

1. Биринчи тесттик сынактар 2026-жылы 19-сентябрда;

2. Тесттик сынактан ийгиликтүү өткөндөргө баарлашуу сынактары 2026-жылы 20-сентябрында өтөт.

 

2027-ЖЫЛДАГЫ АЖЫ БАШЧЫЛЫККА КАТТАЛУУ ҮЧҮН

ТАЛАП КЫЛЫНГАН ИШ КАГАЗДАРЫ:

 

1. Талапкердин Азирети Муфтийге аркылуу жазган арызы. 

2. Электрондук идентификациялык картасы (eID), же ID-карт жана тышкы жарандык паспорту. 

3. Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдугу;

4. Ички Иштер Министрлигинин Маалымат Борборунан соттолбогондугу тууралуу (аныктама) маалымкат. (Мөөнөтү 2026-жыл июль айыннан баштап алынган маалымкат жарактуу). 

5. КМДБнын түзүмүндөгү дин кызматкери катары азыркы учурда иштеп жаткандыгы туралуу буйрук; 

• Буйрук 2025-жылдын август айына чейин чыгарылган болуусу шарт. Эгерде жумуш ордун которгон болсо, эски буйругу менен жаңы буйругу кошо тиркелет. 

• 2025-жылдын август айынан кийин берилген буйруктар талапка жооп бербегендиктен каттала албайт). 

• КМДБнын түзүмүндөгү кызматкерлер (Муфтияттын кызматкерлери; Өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери; Район жана шаар хатибият кызматкерлери; Имам-хатиб; Имам; Имамдын орун басары; Диний окуу жайлардын окутуучулары) ажы башчылыкка каттала алышат.

6. Ажылык парзын өтөгөндүгү же умрага баргандыгы тууралуу аныктама; (Ажылык жана умра визаларынын көчүрмөсү, эгерде паспортун жаңылаган болсо Өкүлчүлүктөн (Казыяттан) ажылык парзын өтөгөн же умрага баргандыгы тууралуу аныктама талап кылынат). 

7. Талапкерге тиешелүү, жергиликтүү Өкүлчүлүктөрдөн же райондук/ шаардык хатибияттардан ажы башчылыкка сунуштоо аныктамасы.

8. Талапкердин резюмеси;

9. 3х4 көлөмүндөгү 4 даана сүрөтү; Сүрөт түстүү, ак фондо, матовый кагазда болуусу шарт (Ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт);

10. 086/у формасындагы медициналык аныктамасы. 

11. 

2027-ЖЫЛДАГЫ АЖЫ БАШЧЫЛЫККА КОЮЛГАН ЖАЛПЫ ШАРТТАР:

1. “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинде өтүүчү тестирлөө сынагынын төлөмүн төлөө;

2. Ажы башчылыкка талапкерлердин жашы 25тен 60 жашка чейин болууга тийиш;

3. 2026-жылы ажы башчы болгон талапкерлер 2027-жылдагы ажы башчылыкка катыша албайт;

4. Маалымат технологияларын өздөштүрө билүүсү шарт. (Өзгөчө: Word жана Excel программаларын, WhatsApp коомдук тармактарын жана иш-кагаздарды компьютер менен сканерлеп JPG, PDF форматында компьютерге, флешкага жүктөөнү билүүсү ж.б.).

5. Ажы башчылыкка талапкер кызмат өтөгөн аймакта жумуш ордуна бекиткен буйругунун негизинде тийиштүү Өкүлчүлүктүн эсебинде каттоого алынат. 

6. Ажылыкта зыярат кылуучу жайлардын диндеги ордун (ажылык, умра жана шарият өкүмдөрүн ж.б.) билүүсү;

7. Кыргыз жана Араб же англис тилдерин билүүсү;

8. Уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү;

 

Жогорудагы талаптар өзгөртүлсө же кошумчаланса маалымдайбыз.