«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Бүгүн, 30-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Түркия Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Өкем менен жолугушту.
Жолугушууда диний жааттагы кыргыз-түрк алакалары; жетишкендиктер жана пландар, келечекте ишке ашырыла турган биргелешкен долбоорлор боюнча пикир алышуу болду.
Айта кетсек, аталган жолугушуу Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун Түркияга боло турган сапарына утурлай өткөрүлдү. Муфтий август айында күтүлүп жаткан сапарынын алкагында Түркия Дин иштери башкармалыгын жана «Диянет» фондун зыярат кылары мерчемделүүдө.