«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 28.08.2026
  • |

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировго «Кеменгер» ардак төш белгиси тапшырылды

Бүгүн, 28-августта Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аширбаев Элкинбек Токтогонович менен жолугушту.

Иш-чарага текшерүү комиссиясынын төрагасы Бактыбек ажы Нурдинов жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү Үзөналиев Сүлүмбек Дилдебекович катышты.

Жолугушууда тараптар өлкөдөгү диний кырдаал, коомдогу биримдикти жана ынтымакты бекемдөө, ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча бир катар маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле эл арасында биримдикти жана ынтымакты чыңдоо, терс көрүнүштөрдүн алдын алуу багытында биргелешип иш алып баруу боюнча пикир алышып, мындан аркы кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аширбаев Элкинбек Токтогонович Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировго «Кеменгер» ардак төш белгисин тапшырды.

Сыйлыкты тапшыруу учурунда Аширбаев Элкинбек Токтогонович Азирети Муфтийдин бир кезде Чүй облусунда үзүрлүү эмгектенгенин белгилеп, анын аймактагы диний тармактын өнүгүшүнө кошкон салымына токтолду.

Айта кетсек, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров эмгек жолун Чүй облусунда баштап, аймакта 10 жылга жакын убакыт эмгектенген.

Тагыраагы:

2002–2005-жылдары — Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы «Абу Бакр ас-Сыддык» медресесинин мүдүрү, ошондой эле «Абу Бакр» мечитинин имам-хатибинин орун басары;

2005–2008-жылдары — Аламүдүн районунун баш имам-хатиби;

2008–2011-жылдары — Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын биринчи орун басары болуп эмгектенген.