«Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен. Инсанды Ал уюган кандан жаратты. Оку! Сенин Эгең абдан айкөл – Ызааттуу. (Алак сүрөсү, 1-3)
Общество | 26.11.2026
  • |

Жалал-Абад: КМДБнын «Сабаттуу айым» долбоору жыйынтыкталды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан демилгеленген «Сабаттуу айым» долбоорунун алкагындагы семинар-тренингдер Жалал-Абад облусунда ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Долбоордун алкагында өткөрүлгөн окутуулардын негизги максаты – аялдардын диний-укуктук, үй-бүлөлүк жана медиа сабаттуулугун жогорулатуу, диний түшүнүгүн тереңдетүү, коомдогу ордун бекемдөө жана социалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү болду.

Семинар-тренингдердин жүрүшүндө айымдарга үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, бала тарбиялоо, аялдардын коомдогу жоопкерчилиги, диний маселелерге туура жана сабаттуу мамиле кылуу, ошондой эле маалыматтык коопсуздук жана медиасабаттуулук багыттарында кеңири түшүндүрмөлөр берилди.

Окутуулардын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, күнүмдүк турмушта кездешкен маселелер боюнча пикир алышууга жана тажрыйба бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чаралар Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдындагы илимий-изилдөө институту жана үгүт-насаат бөлүмү тарабынан, КМДБнын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү жана жергиликтүү хатибияттардын көмөгү менен уюштурулду.

Долбоордун негизги максаты – диний билими жетиштүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө салым кошкон, коомдук турмушка активдүү катышкан жана ар кандай маселелерге сабаттуу көз караш менен мамиле кыла алган айымдарды калыптандыруу болуп саналат.

Белгилей кетсек, «Сабаттуу айым» долбоору Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров тарабынан муфтияттын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатуу максатында иштелип чыккан 40 кадамдан турган беш жылдык стратегиялык иш-мерчемдин алкагында ишке ашырылууда.