«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 15.09.2026
  • |

Азирети муфтий Азербайжан теология институтуна зыярат кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров Азербайжан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Азербайжан теология институтуна зыярат кылды.
       Зияраттын жүрүшүндө Азирети муфтий институттун жетекчилиги жана эмгек жамааты менен жолугушуп, диний билим берүү, илимий изилдөө, жаштарга сапаттуу диний билим берүү жана диний кадрларды даярдоо багытындагы иштер менен таанышты.
       Азербайжан теология институту өлкөдө жогорку диний билим берүү жана илимий-теологиялык багытта адистерди даярдоочу жалгыз мекеме болуп саналат.
        Өз кезегинде Азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, илим менен динди айкалыштыруу жана тажрыйбалуу диний адистерди даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара достук жана кызматташтык мамилелерди мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.