«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 23.09.2026
  • |

Азирети Муфтий: Эне тилди урматтоо - ата-бабанын аманатына, мамлекеттин келечегине болгон урмат

Урматтуу мекендештер, кадырлуу мусулман бир туугандарым! 

Сиздерди 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кыргыз тили — элибиздин тарыхын, нарк-насилин, руханий дүйнөсүн жана улуттук жүзүн муундан муунга жеткирген улуу мурас. Эне тилди урматтоо — ата-бабанын аманатына, мамлекеттин келечегине болгон урмат.

Ошол эле учурда Кыргызстан — көп улуттуу, ынтымактуу мекен. Өлкөбүздө жашаган ар бир элдин тилине, маданиятына жана каада-салтына урмат менен мамиле кылуу — биримдигибиздин бекемдиги.

Мамлекеттик тилибиз өнүгүп, элди бөлгөн эмес, бириктирген, жүрөктөрдү жакындаткан тил болуп түбөлүк жашай берсин!

Алла Таала элибизге ынтымак, мамлекетибизге тынчтык жана береке насип кылсын!

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи
Абдулазиз кары Закиров