“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Общество | 26.06.2026
  • |

Азирети Муфтий Кегетидеги кырсыктан жабыркагандарга көңүл айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Кегети капчыгайында сууга чөгүп каза болгон 6 жаштагы баланын ата-энесине, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

 

Бул кайгылуу окуя жалпы коомчулук үчүн оор жоготуу экенин белгилеп, маркумдун жакындарын сабырдуулукка чакырды.

 

«Алла Таала ар бир жанды өзүнүн белгилеген мөөнөтү менен жараткан. Перзенттен ажыроо — ата-эне үчүн эң оор сыноолордун бири. Ушул оор күндө маркум баланын ата-энесине жана жакындарына терең көңүл айтып, Жараткандан сабыр жана күч-кубат тилейбиз. Алла Таала наристени өз ырайымына алып, бейиш бактарын насип кылсын". 

 

Азирети Муфтий шариятта балагат жашына жете элек бала күнөөсүз болуп эсептелерин жана Алланын ырайымына бөлөнөрүн айтып, ислам дини ата-энелерди мындай оор учурда сабырдуулукка жана дубага бекем болууга үндөөрүн баса белгиледи.

 

Ошондой эле ал жалпы жарандарды балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга, эс алуу жайларында жана суу жээктеринде этият болууга чакырып өттү.