«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Бүгүн, 11-октябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров түштүккө жасаган расмий иш сапарынын алкагында Ош облустук казыятынын жыйындар залында облус жана шаардык казыяттын кызматкерлерине жыйын өткөрдү.
Жыйындын алкагында бир катар маселелер айтылып, өзгөчө 2025-жылы өтүүчү шайлоо алдындагы үгүт иштерине дин кызматкерлеринин аралашпоосу тууралуу эскертилди.
- Функционалдык милдеттерди аткаруудагы жоопкерчилик;
- Мечиттердин тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү;
- Санариптешүү;
- Шайлоо алдындагы үгүт иштерине аралашпоо.
Айта кетсек, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров иш сапары менен өлкөнүн түштүк аймагында жүрөт.