«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Баку шаарында Түрк мамлекеттеринин Муфтийлер кеңешинин кезектеги VII жыйыны башталып, конференцияга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Өзбекстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, Азирети муфтий Нуриддин ажы Холикназар, Кавказ мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы, шейх ул-ислам Аллахшүкүр Паша-заде, Түркиянын Дин иштери башкармалыгынын төрагасы доктор Сафи Арпагуш, Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, баш муфтий Наурызбай ажы Таған уулу, ошондой эле боордош жана башка чет өлкөлөрдөн келген аалымдардан турган өкүлдөр катышууда.
Пленардык жыйында сөз сүйлөгөн мүфтилер өз баяндамаларында ТМУ кеңешинин алдындагы фатва комиссиясынын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, үммөт үчүн зарыл болгон биргелешкен фатваларды иштеп чыгуу жана заманбап маселелерге шариаттык чечимдерди издөө, диний билим берүү мекемелеринде окутуучулар жана студенттер арасында тажрыйба алмашууну жолго коюу, илимий-методикалык долбоорлорду ишке ашыруу, экстремизм, терроризм, такфирчилик, исламга каршы жек көрүүчүлүк жана конфессиялар аралык кастыкты козутуу сыяктуу коркунучтарга каршы бирдиктүү агартуу иштерин күчөтүүнү талкууланууда.
Ал эми Азирети муфтий исламдын илим-билимге жана заманбап технологияларга болгон көз карашына токтолуп, мусулмандарды илимий изденүүгө, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жана коомдун өнүгүшүнө салым кошууга чакырган баяндамасын жасады. Муну менен катар Азирети муфтий ислам дини илим үйрөнүүгө, пайдалуу эмгек кылууга жана адамзатка пайда алып келүүгө үндөөрүн белгилеп, бүгүнкү күндө мусулмандар илим, медицина, технология, билим берүү жана башка тармактарда алдыңкы орундарды ээлөөгө умтулуусу керектигин айтты.
Ошондой эле үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана жаштарды туура тарбиялоо маселесине көңүл буруп, технологияны туура пайдалануу менен бирге ата-энелердин балдарына ыйман, адеп-ахлак жана билим берүүдө жоопкерчилиги жогору экенин белгиледи. Баяндаманын соңунда Азирети муфтий Түрк мамлекеттеринин ортосундагы диний-агартуу багытындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү жана жалпы мусулман үммөтүнүн биримдигин бекемдөө маанилүү экенин белгиледи