«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Бүгүн, 24-сентябрда Баткен облусунда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Диним – Ислам, Өлкөм – Кыргызстан» "Муфтият кечээ, бүгүн жана эртең" аталышындагы көчмө жыйын болуп өттү.
Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Рахимов Мамыржан Тойчиевич
Азирети Муфтийдин орун басары Шакир ажы Маматов, Кыргызстан мусулмандарынын Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдушукур устаз Нарматов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентиктин Баткен облусундагы өкүлү Чагылгын Юсупов, облустагы райондук жана шаардык баш имам-хатибдер, имамдар, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.
Жыйын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимнинин жаңырышы жана ыйык Куран аяттарынын окулушу менен башталды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын аткарган иштери, диний чөйрөдөгү жетишкендиктер жана алдыда аткарыла турган милдеттер тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле Баткен облусундагы диний кызматкерлердин жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар айтылды.
Жыйында Баткен облусунун башчысы сөз сүйлөп, мамлекеттик органдар менен диний башкармалыктын ортосундагы өз ара кызматташтыктын маанилүүлүгүнө токтолду. Ал коомдогу ынтымакты, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодо дин кызматкерлеринин жоопкерчилиги чоң экенин белгилеп, облус аймагында жүргүзүлүп жаткан иштерге ийгилик каалады.
Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров өз сөзүндө Баткен облусунда эмгектенип жаткан дин кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, эл менен тыгыз иш алып баруу, жаштарды туура тарбиялоо, салттуу ислам баалуулуктарын жайылтуу жана коомдогу биримдикти бекемдөө багытындагы иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, жыйында Абдушукур устаз Нарматов Муфтият тарабынан “Берешен” медалы менен сыйланды.
Жыйындын жүрүшүндө дин кызматкерлеринин суроолору угулуп, диний тармактагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Иш-чаранын соңунда дин тармагын өнүктүрүүгө, элге ак ниет кызмат кылууга жана коомдун руханий-адептик баалуулуктарын бекемдөөгө салым кошкон бир катар дин кызматкерлерине жана кызмат адамдарына Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Төш белгилери, Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Көчмө жыйындын негизги максаты — дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жандандыруу, аймактардагы диний иштерди жакшыртуу, мамлекеттик жана коомдук институттар менен кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле эл арасында ынтымакты, биримдикти жана руханий баалуулуктарды жайылтуу болуп саналат.