“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Общество | 31.07.2026
  • |

Баткенде "Адам жаны аманат" аттуу иш-чара өттү

Жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол кыймылынын катышуучуларынын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында 2026-жылдын 31-июлунда Баткен облусунда «Адам жаны аманат» аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын тапшырмасына ылайык КМДБнын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү менен ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан биргелешип уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө айдоочуларга жол эрежелерин так сактоо, ылдамдыкты ашырбоо, мас абалында унаа башкарбоо жана адам өмүрүнө жоопкерчилик менен мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Айдоочуларга КМДБ жана жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери тарабынан даярдалган маалыматтык брошюралар таратылып, жол коопсуздугун сактоого чакырышты.