“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Общество | 26.06.2026
  • |

“Бекем үй-бүлө коомдун тиреги” аталышындагы лекция болуп өттү

Кечээ 25-июнь күнү Бишкек шаарындагы Имам Сарахси  борбордук мечитинде айымдар үчүн “Бекем үй-бүлө коомдун тиреги” аталышындагы лекция болуп өттү. Анда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Даават, үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Эрик ажы Молдокулов жана КМДБнын Калкты диний маалыматтар менен камсыздоо бөлүмүнүн адиси Дооронбек ажы Зайнидин уулу катышуучуларга үй-бүлө баалуулуктары жөнүндө айтып берди. 

Аталган иш-чара Азирети Муфтийдин коомдогу ислам маданиятын өркүндөтүү жана КМДБны өнүктүрүүгө багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеминде ылайык жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы үстүбүздөгү жылды «Ислам баалуулуктары: Нарк жана үй-бүлө жылы» катары тандап алып, үй-бүлө очогун бекемдөө жаатында бир катар иштерди алып барууда.
 
Иш-чарада үй-бүлө баалуулуктары; нике маселеси, ата-энени, кайната-кайнени, туугандарды сыйлоо, аял-эркектин укук-милдеттери ж.б. маанилүү маалыматтар айтылды. 

Пайгамбарыбыз айтты: “Эң жакшыңар — өз үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылгандар”.