«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Нарын облусунун Кочкор районунда маанилүү руханий иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев, КМДБнын Нарын облусундагы өкүлү Нуридин ажы Мамасабиров баштаган диний кызматкерлер, кадырлуу коноктор жана жергиликтүү тургундар катышты.
Алгач Кочкор районунун борбордук мечитинин жанында 2 миң орундуу жаңы мечиттин курулушуна мезгил кутучасы салынды. Аталган мечит жергиликтүү инсандын демөөрчүлүгү менен курула баштаганы жана курулуш иштерин бир жыл аралыгында аяктоо пландалып жатканы белгиленди. Бул саамалык райондогу диний инфраструктураны өнүктүрүүгө жана элдин руханий муктаждыктарын камсыздоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Андан соң расмий өкүлдөр жана коноктор Кочкор районунун Шамшы айылында «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду тарабынан курулган жаңы мечиттин ачылыш аземине катышты. Салтанаттын жүрүшүндө келген коноктор куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, айыл элин жаңы мечиттин ачылышы менен куттукташты. Ошондой эле мечиттин курулушуна салым кошкон «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондуна терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Ошону менен катар мечиттин документ иштеринин бүтүшүнө салымын кошкон инсандарга Ыраазычылык каттар тапшырылды.