“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Общество | 26.06.2026
  • |

"Нурул Харамайн" мечити жаңыланып, көрктөндүрүү иштери ийгиликтүү аяктады

Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда жайгашкан «Нурул Харамайн» мечитинде жүргүзүлгөн жаңылануу жана оңдоп-түзөө иштери ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Аталган иштер 2026-жылдын 3-июнунда башталып, 20-июнунда толугу менен аяктады. Бул убакыт аралыгында мечиттин ички жана сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, жамаат үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана ибадаткананын көркүн арттыруу багытында бир катар иштер аткарылды.

Бул сооптуу иш жергиликтүү тургундардын ынтымагынын, жамааттын биримдигинин жана Н. Өмүракуновдун колдоосунун аркасында жүзөгө ашты. Мечит – бул бир гана ибадат жайы эмес, ал коомду ынтымакка, адеп-ахлакка жана жакшылыкка үндөгөн руханий борбор болуп саналат.

Ушул кайрымдуу ишке салым кошкон бардык демөөрчүлөргө, жардамын аябаган жамаатка жана эмгек кылган бир туугандарга терең ыраазычылык билдиребиз.

🤲 Аллах Таала кылган жакшылыктарыңызды кабыл кылып, үй-бүлөңүздөргө ынтымак, өмүрүңүздөргө береке, ырыскыңыздарга молчулук насип этсин. Бул дүйнөдө жана акыретте жакшылыктарына бөлөп, сооп таразаларыңызды оор кылсын. Аамин.