«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Бүгүн, 10- август күнү Ош шаарындагы «Сулайман Тоо» борбордук мечитинде КМДБнын ажылык бөлүмү тарабынан жергиликтүү дин кызматкерлерине ажылык сапарына каттоо тартиби, талаптар жана жаңы киргизилген эрежелер боюнча түшүндүрүү, маалымат берүү иш-чаралары өткөрүлдү.
Иш-чарага Азирети Муфтийдин орун басары Рафаил ажы Татиков, КМДБнын ажылык бөлүмүнүн адиси Абдулазиз ажы Туташбаев, Ош шаары жана Ош облусунун Кара-Суу, Алай, Чоң-Алай жана Араван районуна караштуу мечиттердин имамдары катышты.
Иш-чаранын негизги максаты — ажылыкка барууну пландап жаткан жарандарга жаңыдан кабыл алынган каттоо процессинин түшүндүрүү.
КМДБнын ажылык бөлүмүнүн адиси Абдулазиз ажы Туташбаев электрондук каттоо тартиби, төлөм аткаруу эрежелери боюнча маалыматтык сабак өттү.
· Электрондук каттоо: Ажылыкка каттоо процесси Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) бирдиктүү электрондук системасы аркылуу жүргүзүлөрү боюнча маалымат берилди.
· Каржылык төлөмдөр: Ажылыкка тиешелүү төлөмдөрдү жүргүзүүнүн тартиби, банка барбай электрондук капчык аркылуу төлөө эрежелери боюнча маалыматтар айтылды.