«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Общество | 25.06.2026
  • |

Ош Улуттук драма театрында КМДБнын "Муфтият кечээ, бүгүн жана эртең" аттуу көчмө жыйыны өткөрүлдү

Бүгүн, 25-июнь күнү Ош улуттук драма театрында КМДБнын "Муфтият кечээ, бүгүн жана эртең" аттуу көчмө жыйыны өткөрүлдү 

Аталган иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин ТАБ башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Азирети Муфтийдин аймактагы жалпы өкүлдөрү, Ош облусу боюнча жалпы райондук баш имам-хатибдер, жума окулуучу мечит имамдары, ДОЖ жетекчилери менен мугалимдери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана активист айымдар катышты.
Анда Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров катышуучуларга 2024–2029-жылдарга карата 40 кадамдан турган стратегиялык план тууралуу кеңири маалымат берди.

"Заман талабына ылайык Муфтияттын ишмердүүлүгүндө санариптештирүү процесси дагы активдүү жүргүзүлүүдө. Санарип технологиялардын жардамы менен маалымат алмашуу, документ жүргүзүү, диний кызматтарды уюштуруу жана жарандар менен байланыш түзүү иштери кыйла жеңилдеп жатат. Бул иштер ачык-айкындуулукту жана натыйжалуулукту камсыз кылууда.
Дин менен мамлекет бири-бирин толуктап турган коомдук институттар болуп саналат. Мамлекет мыйзамдуулукту жана туруктуулукту камсыз кылса, дин коомдун руханий дүйнөсүн байытып, адеп-ахлактык баалуулуктарды бекемдейт.
Биздин жалпы максатыбыз — мыйзамды сыйлаган, мекенин сүйгөн, салттуу баалуулуктарды урматтаган жана билимдүү коомду калыптандыруу.
«Диним – Ислам, өлкөм – Кыргызстан» деген ураан ар бир жарандын жүрөгүндө ыйманды, мекенчилдикти жана жоопкерчиликти бекемдеп турушу зарыл" 
– деп белгиледи Азирети Муфтий.

Иш-чаранын алкагында КМДБнын 40 кадам иш-планынын алкагында аткарылган иштери жана КМДБнын Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгү тууралуу видео материалдар коюлду. Ошондой эле, тарбиялык маанидеги эки видео ролик катышуучуларга көрсөтүлдү. 

Ошондой эле, жыйындын аягында Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуровго КМДБнын ордени тапшырылды. Ал эми көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан дин кызматкерлерине Азирети Муфтийдин Ардак грамотасы менен ыраазычылык баракчалары тапшырылды. 

Ошону менен бирге ДОЖ студенттеринин илим алуусунда көмөк көрсөтүп келе жаткан Ноокат жана Кара-Суу райондук сырттан окуу мектебинин жетекчилигине да ыраазычылык баракчалары тапшырылды.Ошону менен бирге ДОЖ студенттеринин илим алуусунда көмөк көрсөтүп келе жаткан Ноокат жана Кара-Суу райондук сырттан окуу мектебинин жетекчилигине да ыраазычылык баракчалары тапшырылды.