«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
9-август күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунун жалпы имамдарына 2027-жылдагы Ажылык сапары боюнча алгачкы жолу жыйын өткөрүлүп, ажылыкка санариптик система аркылуу каттоодон өтүү жолдору түшүндүрүлдү.
Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров ажылыкка барууга ниеттенген жарандарга эскертүү үчүн дин кызматкерлери ар бир намаз убактысында жергиликтүү тургундарга кабар жеткирип туруусу зарылчылыгын айткан болсо, Ажылык мамлекеттик санариптик системасын колдонуу тартиптерин КМДБнын ажылык бөлүмүнүн адиси Абдулазиз ажы Туташбаев слайд аркылуу түшүндүрүп берди.
"Элге ыңгайлуулук болуусу үчүн ажылык үчүн санариптик система аркылуу төлөм жүргүзүү, иш кагаздарын чогултуу жолго коюлуп жатат. Жалпы имамдар элге кабарды жеткирүүдө жардам берүүсү керек. Төлөмдөр жана башка иш кагаздар эми онлайн форматта гана болот"- деди Султанали ажы Гапуров.