Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров боордош Өзбекстандын Самарканд шаарына жасаган илимий иш сапарынын алкагында калаадагы Имам Матуриди мемориалдык комплекси баш болгон куттуу жерлерди зыярат кылып, жер-жерлерде жайгашкан тарыхый эстеликтер, ыйык жерлер менен таанышты.
Зыярат жайларында ыйык Куран аяттары окулуп, маркумдардын арбагына багышталды. Ошону менен бирге элдин бакубаттыгы, Мекендин тынчтыгы, мамлекеттин өнүгүшү, диний маданияттын өсүшү тиленип, ислам дүйнөсүнө ынтымак, тынчтык жана жакшылык суралып, дуба кылынды.
Самарканд зыяратында конференция катышуучулары шаардагы Имам Матуриди мемориалдык комплекси, Регистан аянты, Шахи Зинда күмбөз комплекси сыяктуу кооз жерлери менен таанышып чыгышты. Алар зыяраттан зор таасир алышып, бул шаар кезегинде маданий чордон болгонун, ислам цивилизациясынын өнүгүшүнө маанилүү салым кошконун, көптөгөн аалымдарды, окумуштууларды чыгарганын, медреселери, ажайып мечиттери менен атагы дүйнөгө тараганын, ар дайым илим менен агартуунун очогу болгондугун белгилеп өтүштү.
Маалымат иретинде айта турган болсок, үстүбүздөгү жылдын 29-30-апрелинде Самарканд шаарында “Матуридилик – сабырдуулуктун, толеранттуулуктун жана агартуучулуктун таалими” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө. Аталган конференцияга Кыргызстан мусулмандарынын атынан Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров чакырылган. Илимий иш-чара Өзбекстан Республикасынын Президентинин Имам Матуридинин 1155 жылдыгын салтанаттуу белгилөө жөнүндөгү буйругуна ылайык уюштурулууда. Конференцияга дүйнөнүн төрт бурчунан 100дөн ашуун белгилүү аалымдар, муфтийлер, илимпоздор жана изилдөөчүлөр өз баяндамалары менен катышууда.