Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров боордош Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан “Матуридилик – сабырдуулуктун, толеранттуулуктун жана агартуучулуктун таалими” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда.
Эл аралык салмактуу илимий иш-чарада сөзгө чыккан Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирүү менен ахли сүннөт вал-жамааттын улуу аалымы Имам Матуридин өрнөктүү өмүр жолу, чөлкөмдөгү жана ислам ааламындагы таасири, бай мурасы жана өзгөчөлүгү жөнүндө доклад окуду:
«Орто Азия же Мавераннахр бир учурларда өз ичинен улуу ойчул, аалымдарды чыгарган берекелүү жер. Ошол ислам аалымдарынын сап башында тургандардын бири Имам Абу Мансур аль-Матуриди болуп саналат. Имам Матуриди акыйда илиминде, дегеле ишеним багытында ат көтөргүс зор эмгек, куттуу чыйыр жол таштап кетти. Матуридилик кылымдар бою ушул чөлкөмдүн мусулмандары тарабынан кармалып келе жаткан итикадий мазхаб катары өз учурунда дүйнөнү дүңгүрөткөн улуу ойчул аалымдарды да чыгаргандыгы баарыбызга маалым. Ошондуктан, динибиздин өзөгү болгон ишеним багытында акыл менен Куран-сүннөттү эриш-аркак, тең салмактуу колдонуу, адам баласына Алла Таала тарабынан берилген эркти (ирада) туура түшүнүп, туура колдонуу диндин талабы болуп эсептелет. Ханафи мектебинин төртүнчү, жадагалса үчүнчү мууну болгон Матуриди баштаган Матуридилик мазхабы ушул талапка толугу менен жооп берет деп ишенем. Биз диний окуу жайларда, илимий конференцияларда, дегеле илим жолунда Матуриди жана матуридилик боюнча терең изилдөө аркылуу гана салттуу исламды карманып, келечекте да көптөгөн Абу Ханифа, Имам Матуриди сыяктуу дүйнөнү дүңгүрөткөн аалымдарды чыгарабыз деген изги тилектерим бар», – деп билдирди Азирети Муфтий өз докладында.
Илимий-практикалык конференция дүйнөнүн 20дан ашуун мамлекетинен келген 70тен ашык катышуучунун башын бириктирди. Алардын катарында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Египет, Түркия, Малайзия, Индонезия, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравиясы, Кувейт, Катар, Пакистан, Азербайжан, Тажикстан жана башка өлкөлөрдөн келген муфтийлер, диний аалымдар, илимий изилдөөчүлөр, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле диний билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү бар.
Конференциянын негизги максаты – матуридиликти терең изилдөө, анын толеранттуулукка, агартуучулукка жана коомдук ынтымакка кошкон салымын даңазалоо. Ошондой эле, дин менен коомдун өз ара алакасын чыңдоо, радикализмге каршы идеологиялык негиз түзүү жана конфессиялар аралык сабырдуулукту өнүктүрүү маселелери да каралууда.
Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар ортосунда илимий баяндамалар окулуп, тажрыйба алмашуу жүрүүдө. Бул конференция ислам илиминин өнүгүшүнө жана диний агартуучулук иштеринин сапатын жогорулатууга өбөлгө болору белгиленүүдө.
Айта кетсек, аталган саамалыкка Азирети Муфтийден сырткары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары Руслан Мусаев, улуттук агенттиктин адиси Шекербек Бердибек уулу жана Муфтияттын эл аралык мамилелер боюнча жооптуу адиси Белек Жапаракун уулу катышып жатат.