«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 10.08.2026
  • |

Убайдилла ажы Сарыбаев Азирети муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү болуп дайындалды

Бүгүн, 10-август күнү Азирети муфтийдин Ош шаарындагы мурдагы өкүлү Самидин кары Атабаев башка ишке которулганына байланыштуу Убайдилла ажы Сарыбаев Азирети муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү болуп  дайындалып, мечит имамдарына тааныштырылды.
Иш-чарага Азирети Муфтийдин орун басары Рафаил ажы Татиков катышып, жаңы өкүлдү жергиликтүү дин кызматкерлерине тааныштырды.
 
Сарыбаев Убайдилла Султанбаевич тууралуу маалымат:
 

Туулган жылы: 11.12.1968
Туулган жери: Ош шаары Жапалак айылдык аймагы
Улуту: кыргыз
Билген тилдери: кыргыз тили эне тили, орус, араб, өзбек тилдери
 
Билими
1985-1987 жж. — Орто техникалык окуу жайы
2016-2018 жж. — Ош Мамлекеттик юридикалык институту, укук таануу адистиги
2016-2020 жж. — Казан шаары, социалдык билим берүү академиясы
 
Диний билими
1993-1997 жж. — «Абдузжапар» Ислам институту
Иш  тажрыйбасы
 
1989-ж. — Тээке айылынын имамы
1997-2003 жж. — «Абдузжапар» Ислам институтунун мударриси
2003-2006 жж. — Жапалак а.ө. баш имам хатиби
2006-2008 жж. — Ош шаары «Аали Аль Байт» мечитинин имам хатиби, КМДБнын Ош шаары боюнча көзөмөл комиссиясынын төрагасы
2008-2013 жж. — Ош шаары борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинин имам хатиби
2010-2013 жж. — Азирети муфтийдин биринчи орун басары, Баткен, Жалал-Абад, Ош шаары жана Ош облусундагы атайын өкүлү
2013-2023 — Ош шаарынын мусулмандар казысы.
2026-ж Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү
 
Ардак грамоталары
– КР Азирети Муфтийинин ардак грамотасы
– Ош облусу Алай району Кашка-Суу айылы ардактуу атуул
– КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алкыш баракчасы
– Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин ардак грамоталары
– Ош облусунун губернаторунун ардак грамотасы ж.б. ыраазычылык каттар