«Кайсы жерде болбо, Аллахтан корк (такыба бол). Жаман иштин артынан жакшы иш кыл, ал жамандыкты өчүрөт. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөздө мамиле кыл.»
(Термизий, 1987)
Регионы | 19.02.2026
  • |

Каракол шаарында орозо айынын алдында кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү

Кечээ, 18-февралда Каракол шаарында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү менен биргеликте эки кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду.

Биринчи иш-чара «Хусейин Карасаев» атындагы түрк лицейинин бүтүрүүчүлөрү тарабынан өткөрүлүп, 120 муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Лицейдин бүтүрүүчүлөрү аз камсыз болгон, муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга орозо айынын урматына жакшылык кылууну максат кылышканын билдиришти.

Экинчи кайрымдуулук иш-чарасы араб мамлекетинин жараны Шейх Солих аль-Мазияддын колдоосу менен өткөрүлдү. Ал жыл сайын муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүп келет. Бул жолу да КМДБнын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү менен биргеликте 50 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк таратып, жергиликтүү эл менен жолугушту.