“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Регионы | 19.02.2026
  • |

Нуридин ажы Мамасабиров Ат-Башыдагы мечит жамааттарынын өкүлдөрү менен жолугушту

Азирети Муфтийдин Нарын облусу боюнча өкүлү Нуридин ажы Мамасабиров Ат-Башы районундагы мечит жамааттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун негизги максаты жамааттар арасында бөлүнүп-жарылууга жол бербөө жана ынтымакты бекемдөө болду. Райондогу жамааттардын бардык өкүлдөрүнө бир саатка жакын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, катышуучулар өз суроолорун берип, тиешелүү жоопторду алышты.

Мындан тышкары, ынтымакты бекемдөө жана биргелешип иш алып баруу максатында айрым жамаат өкүлдөрү жараштырылып, ынтымакка келишти. Ошондой эле Нуридин ажы Мамасабиров мындан ары бардык иштерде муфтият тарабынан чыгарылган фатвалардын негизинде бирдиктүү иш алып барууга чакырды.