“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
КМДБ жетекчилигинин тапшырмасына ылайык, Ош облусунун аймагында жер-жерлерде мечит имамдарына жыйындар өткөрүлүп, шайлоо алдындагы үгүт иштерине аралашпоо боюнча маалыматтар жеткирилди.
Айта кетсек, расмий дин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жараны катары шайлоодо өздөрү каалаган талапкерге добуш берүүгө укуктуу экенин, бирок шайлоо алдындагы үгүт иштерине аралашпоосу жана диний объектилеринде үгүт иштери жүрүшүнө жол бербеши керектигин казыяттан маалымдашты.