«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Регионы | 21.02.2026
  • |

Султанали ажы Гапуров Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров Чоң-Алай районуна жасаган иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Алгач Чоң-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов менен жолугушуп, райондогу диний кырдаалды талкуулашты. Ошондой эле, Султанали ажы Гапуров демилге көтөрүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын билдирди.

Райондун жергиликтүү тургундары менен борбордук мечитте жолугушуп, Рамазан айы, орозонун фазилети жана такыбалык тууралуу жума баяндамасын жасады.

"Берекелүү Рамазан айында туугандарды зыярат кылып, жакшылык иштерди жасоо жана көп-көп ибадат кылуу керек. Ошондой эле, Рамазан айында орозо кармоо парз жана сооптуу амал болуп саналат", – деди Султанали ажы Гапуров.