Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
ЖАРЫЯ!
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VIII чакырылышынын мүчөлүгүнө талапкер болууга ниет кылган аалымдардын жана дин кызматкерлеринин эсине!
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VIII чакырылышынын мүчөлүгүнө талапкер катары катталуу үчүн коюлган талаптар:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө кеңири түшүнүгү бар;
2. Маатуридий акыйдасын жана Ханафий мазхабын терең билген жана карманган;
3. Жогорку диний билимге ээ;
4. Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх, араб грамматикасы жана башка Ислам негиздерин терең өздөштүргөн;
5. Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, адамгерчиликтүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс;
6. КМДБнын курамында 3 жылдан кем эмес мөөнөттө иштеген;
7. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан кылмыш иши козголбогон жана соттолбогон;
8. Саясий партиялар менен саясий кыймылдардын эч бирине мүчө болбогон;
9. Уюштуруучулук жана жетекчилик жөндөмү бар;
10. Мамлекеттик жана араб тилдерин ооз эки жана жазуу жүзүндө жакшы билген Кыргыз Республикасынын жараны Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна талапкер катары каттала алат.
Каттоого катышуу үчүн керектүү документтер:
1. Талапкердин Каттоо жана аттестациялык комиссиясынын төрагасынын наамына жазган арызы (арыз документ тапшыруу учурунда даяр шаблонго жазылат);
2. Кадрларды каттоо баракчасы 4 даана ¾ өлчөмүндө сүрөтү менен (тийиштүү анкета толтурулууга тийиш жана байланыш маалыматтары, жашаган жеринин дареги сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек);
3. Паспортунун көчүрмөсү (ID карт);
4. Резюме. (Устазынын аты-жөнү, илимий жетишкендиктери, иш тажрыйбасы жана алган сыйлыктарына басым жасалат);
5. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
6. Мүнөздөмө (Аалымдар Кеңешинен, КМДБдан же облустук / шаардык Казыяттардан);
7. Жогорку диний билимин тастыктоочу документеринин көчүрмөлөрү;
8. Соттолбогондугу тууралуу аныктама каты.
-Документтер 2025-жылдын 9-апрелинен 18-апрелине чейин кабыл алынат.
- Каттоо ишемби, жекшемби күндөрүнөн сырткары, аптанын бардык күндөрү саат: 11:00 – 17:00 аралыгында Бишкек ш., Семашко көчөсү, 264/3 дарегинде КМДБнын / Муфтияттын имараты, 2-кабат, КМ Аалымдар Кеңешинин катчылык бөлмөсүндө жүргүзүлөт.