«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Бүгүн, 22-апрель күнү Башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Аалымдар Кеңешинин VIII чакырылышынын мүчөлүгүнө талапкер болуп катталган аалымдар арасында жазуу түрүндөгү сынак өткөрүлдү. Жалпы 57 талапкер катталып, анын 51и ат салышкан сынакты КМ АКтын каттоо жана аттестациялоо комиссиясы уюштурду. Сынакта акыйда, фикх, фикх усулу, тафсир, хадис усулу, ошондой эле Баш мыйзам, жаңы кабыл алынган Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзам жана 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы боюнча суроолор билет түрүндө берилди.
Эртең, 23-апрель күнү баарлашуу түрүндөгү ооз эки сынак өткөрүлөт.
Башталыш сааты 10:00.