Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. Байхаки
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Бишкек-Жидда багыты боюнча ажылык сапарына аттанган зыяратчыларды узатты. Ажыларды узатуу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары Руслан Мусаев, Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Аль-Ради, 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган КМДБнын ажылык бөлүмүнүн кызматкерлери жана Сауд Араб Падышачылыгынын Flyadeal авиакомпаниясынын өкүлдөрү катышты.
Азирети Муфтий зыяратчыларга ак жол каалап, ыйык жайларда эл-журт, өлкө жана Мекен үчүн дуба кылууну аманат кылды.
«Алла Таала 7 миллион калкыбыздын ичинен тандап туруп сиздерди чакырды. Андыктан сиздер абдан бактылуу инсансыздар. Сиздерден өтүнүчүбүз, Алла Таала ыйык деп белгилеген Харамайнда көп-көп дуба, көп-көп ибадат кылыңыздар. Ажылыктын шарттарын толугу менен аткарып, штабга жана ажы башчыларыңыздарга баш ийиңиздер. Ошондой эле САП тарабынан зыяратчылар үчүн кабыл алынган эреже-талаптарга көңүл буруңуздар», – деди өз сөзүндө КМДБ жетекчиси.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары Руслан Мусаев ушул күн ажылар үчүн куттуу күн экенин белгилеп, зыяратчыларды куттуктап, сак-саламат барып келүү тилегин билдирсе, Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Аль-Ради ажылардын «хажжул-мабрур» (кабыл болгон ажылык) болуп кайтууларына тилектештигин билдирди.
Айта кетсек, 21-май күнү кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Ош-Мадина багыты боюнча учуп кеткен. Учурда алгачкы топ Мединадагы зыяраттарын өтөп болуп, ыйык Меккеге барып жайгашууда.