“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Мекке шаарында ажылык сапарда жүргөн Кыргызстандыктарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Ага ылайык Кыргызстандан барган ар бир зыяратчыга дарыгерлер тобу жолугуп, кан басымын жана дене табы текшерилип, тийиштүү жардамдар берилди. Белгилей кетсек ажылык сапар аяктаганга чейин ар бир зыяратчы медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө болот.