«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 12.10.2026
  • |

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Чикагодогу Кыргыз Community Center борборуна барды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров АКШнын Чикаго шаарындагы Кыргыз Community Center борборуна барды.

Кыргыз Community Center борборуна Кыргызстандан барган коомдук, диний жана илимий ишмерлер барышты алардын катарында:

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташыбеков;

- Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров;

- Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов;

- Аалымдар кеңешинин төрагасы Замир Ракиев болду.

Кыргыз Community Center борборуна руханий баалуулуктар, диндин коомдогу орду жана жаш муундун тарбиясы тууралуу пикир алышуу болуп, мекендештер менен ачык баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.