«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаева жана КР ССМ Республикалык инммунопрофилактика борборунун директору Гульбара Сатыгуловна Ишенапысова менен жолугушту.
Жолугушууда өлкө аймагында кызамык оорусунун жайылышын токтотуу жана андан ары жайылышына жол бербөө максатында талкуу уюштурулду. Ошондой эле 2025-жылдан тарта Сауд Арабиясына умра кылуу жана зыярат кылуу максатында барган адамдар үчүн белгиленген медициналык талаптарга жана сунуштарга ылайык, Падышалыктын Саламаттыкты сактоо министрлиги милдеттүү вакциналардын тизмеси жана эмдөө фактысын тастыктаган документтер боюнча пикир алышылды.
Эки тараптуу жолугушууга Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, Азирети Муфтийдин дагы бир орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев жана Муфтияттын аппарат жетекчиси Азамат ажы Исмаилов катышты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, республикада кызамык боюнча абал курч бойдон кала берүүдө: 2025-жылдын 17-февралына карата 2478 учур катталган. 2024-жылдан бери жалпы мезгил ичинде катталган учурлардын саны 14380ге жетип, 5 бала оорудан каза болду. Кызамык вирусу өзгөчө Бишкек шаарында, Чүй жана Ош облустарында жайылып жатат.