Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Эй, момундар! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар менен таштар (болгон) тозоктон сактагыла” (Тахрим сүрөсү, 6-аят).
Бүгүн, 1-июнь күнү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында экстремизм жана радикализмдин алдын алуу багытында атайын сабак өттү. Иш-чаранын негизги темасы – балдардын туура тарбиясы аркылуу радикалдык көз караштарга каршы туруу болду.
Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана белгилүү дин аалымы Садыбакас ажы Доолов катышкан сабакта үй-бүлөнүн жана ата-эненин бала тарбиясындагы орду чоң экени баса белгиленди. Аалымдар балдардын дүйнө таанымын туура багытта калыптандыруу, аларга чыдамкайлык, урматтоо жана адамгерчилик сапаттарын үйрөтүү – радикализмдин алдын алуунун эң негизги жолу экенин айтып өтүштү.
“Балдар туура тарбия албаса, алар жамандыктарга жана терс агымдарга оңой эле жем болуусу мүмкүн. Ошондуктан ата-энелер балдары менен тыгыз байланышта болуп, аларга туура баалуулуктарды берип, суроолоруна жооп берип туруу керек”, – деди Нуридин ажы Мамасабиров.
Садыбакас ажы Доолов болсо диний сабаттуулуктун жетишсиздиги жана туура эмес маалыматтын жаштар арасында радикалдуу көз караштарды күчөтөрүн эскертип, билим берүү жана үй-бүлөлүк тарбия аркылуу коопсуз коомду куруу зарылдыгын белгиледи.
Уюштуруучулукту колго алган Кызыл-Кыя шаардык хатибияты мындай сабактар радикализмге каршы туруу жана балдарды туура багытта тарбиялоо максатында өз пайдасын берет деп билдирди.
Аялдар үчүн сабак Кызыл-Кыядагы ресторандардын биринде уюштурулса, ал эми эркектер үчүн кечинде шам намазынан кийин борбордук “Муратаалы ажы” мечитинде өтөт. Иш-чарага жергиликтүү жарандар, мугалимдер, жаштар жана диний кызматкерлер катышмакчы.