«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен облусунун мусулмандарынын казыятынын зыярат кылып, аймактык диний мекеменин кызматкерлерине жана район-шаарлардын баш имам-хатибдерине жыйын өткөрдү.
Жыйында облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров КМДБ тарабынан берилген тапшырмалардын жана Азирети Муфтийдин буйруктарынын аткарылышы тууралуу кыскача маалымат берди.
Самаган ажы Мырзаибраимов өз сөзүндө жаңы кабыл алынган мыйзамдарды имамдарга так жана туура жеткирүү зарылдыгын белгилеп, өлкө боюнча жүргүзүлүп жаткан “Шам баяндары” жана Муфтияттын учурдагы иш-чараларын колдоого алуу керектигин баса белгиледи.
“Берилген тапшырмаларды өз убагында жана так аткаруу – бүгүнкү күндүн талабы. Биздин максат – элге таза, салттуу ислам динин жеткирүү жана коомго пайдалуу диний кызмат көрсөтүү”, – деди ал жыйын өтүп жатып.
Айта кетсек, бул жолугушуу аймактардагы диний иштердин координациясын жакшыртууга жана дин кызматкерлеринин жоопкерчилигин бекемдөөгө багытталды.