«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 18.08.2026
  • |

Бишкек шаарында КМДБнын көчмө жыйыны өткөрүлдү

Бүгүн, 18-август күнү Бишкек шаарындагы Кыргыз Улуттук “Манас” театрында КМДБнын "Диним-Ислам, Өлкөм-Кыргызстан", "Муфтият кечээ, бүгүн жана эртең" аттуу көчмө жыйыны өткөрүлдү 

    Аталган иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Рафаил ажы Татиков, КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин төрагасынын орун басары Айбек Иминов, Азирети Муфтийдин аймактагы жалпы өкүлдөрү, Бишкек шаары боюнча жалпы райондук баш имам-хатибдер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана активист айымдар катышты.

Жыйын алгач Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни менен башталып, ага удаа эле ыйык Куран аяттары окулду. Андан соң иш-чаранын катышуучуларына сөз берилди.

Анда Азирети Муфтийдин орун басары Рафаил ажы Татиков Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун 2024–2029-жылдарга карата 40 кадамдан турган стратегиялык планы тууралуу кеңири маалымат берди.

Жыйында 40 кадамдан турган 5 жылдык планды ишке ашыруу механизмдери аныкталып, жооптуулар бекилип, аны жүзөгө ашыруу ырааттуу жүргүзүлүп жаткандыгы, КМДБнын тарыхында алгачкы, комплекстүү жана 5 жылдык мөөнөттү кучагына алган стратегиялык иш-мерчем Азирети Муфтийдин жеке көзөмөлүндө ишке ашып жаткандыгы белгиленди. 

Иш-чаранын алкагында КМДБнын 40 кадам иш-планынын алкагында аткарылган иштери жана КМДБнын Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгү тууралуу видео материалдар коюлду. Ошондой эле, тарбиялык маанидеги эки видео ролик катышуучуларга көрсөтүлдү. 

Жыйындын аягында Азирети Муфтийдин Бишкек шаарындагы өкүлү Бакыт ажы Кайкиевге КМДБнын ордени тапшырылды. Ошондой эле көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан дин кызматкерлерине, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине жана диний окуу жайлардын өкүлдөрүнө Азирети Муфтийдин Ардак грамотасы менен ыраазычылык баракчалары тапшырылды.