Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага 
Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.”
(Муслим, Зикр, 2699)
Общество | 10.06.2025
  • |

Бишкекте «Ч. Айтматов – түрк дүйнөсүнүн келечеги» аттуу форум өтүүдө

Бүгүн, 10-июнда Улуттук илимдер академиясында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы адабият институтунун уюштуруусу менен «Ч. Айтматов – түрк дүйнөсүнүн келечеги» аттуу форум өтүүдө. Форумга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмдун башкы катчысы Султан Раев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары — стратегиялык пландоо жана реформаларга талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Түркиядагы Чыңгыз Айтматов институтунун башчысы, профессор, доктор Ильяс Топсакал, Түркия парламентинин депутаттары, окумуштуулар, бийлик өкүлдөрү жана чыгармачыл адамдары катышууда. 

Иш-чара алгач "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин зыярат кылуу менен башталып, залкар жазуучунун рухуна багыштап Куран окуу менен башталды.  

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Түркия Республикасында Түркиянын улутчул партиясынын лидери Девлет Бахчелинин демилгеси менен Чыңгыз Айтматов институту ачылган.