«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 25.08.2026
  • |

ДҮЙНӨЛҮК КУРАН ЖАНА ТАФСИР, ОН КЫРААТ БОЮНЧА КУРАН ЖАРЫШЫНА ТАНДОО СЫНАГЫ ЖАРЫЯЛАНАТ

Ливия мамлекетинин Бангази шаарында жыл сайын дүйнөлүк деңгээлдеги Куран, тафсир жана он кыраат боюнча эл аралык Куран конкурсу өткөрүлөт.
Конкурс төмөнкү категориялар боюнча өткөрүлөт:
1-категория:
Курандын 30-парасын толук жаттап, тажвид эрежелерин сактоо менен жаттан окуу.
Жаш курагы 25 жаштан ашпашы керек.
2-категория:
Курандын 30-парасын толук жаттап, тажвид жана тафсир боюнча окуу.
Жаш курагы 30 жаштан ашпашы керек.
3-категория:
Курандын 30-парасын он кыраат боюнча жаттап окуу.
Бул категорияда жаш курак боюнча чектөө жок.
4-категория:
Курандын 30-парасын жаттаган жаш жеткинчектер арасында өткөрүлөт.
Жаш курагы 15 жаштан ашпашы керек.
Куранды жаттоо, туура окуу жана кыраат илимин терең өздөштүргөн мекендештерибизди бул эл аралык сынакка 28чи август күнү өтө турган онлайн тандоо сынагына активдүү катышууга чакырабыз!
Куран менен болгон байланышыңызды бекемдеп, Кыргызстаныбыздын атынан эл аралык деңгээлде өнөрүңүздөрдү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Эскертүү: жарыш эркектер үчүн гана жана жарышка 2 эле талапкер жол таба алат.
Баардык суроолор боюнча жана каттоо үчүн байланыш телефон (ватсап): +996 707 196 438