«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын алдындагы Илимий изилдөө институту Кыргыз Республикасынын «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Мыйзамындагы Кыргызстан мусулмандарына таандык нормаларды ишке ашырууну жөнгө салуу жөнүндө программа жана аны ишке ашыруу боюнча Иш планын иштеп чыккан. Аталган программа жана иш планы Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча комиссиясынын макулдугу менен Азрети муфтий тарабынан бекитилген.
Программага ылайык, 2025-жылдын 13-мартында Азрети муфтий Илимий-изилдөө институтунун алдында жети багыт боюнча Илимий кеңештерди (Жумушчу топторду) түзүү боюнча № 115/01-23 буйругун чыгарган. Ошентип, Илимий-изилдөө институтунун алдында түзүлгөн атайын Илимий кеңештер өз иштерин башташты.