«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Общество | 23.06.2026
  • |

КМДБ жайкы лагерлердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана отчетторду кабыл алуу боюнча онлайн жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы (КМДБ) тарабынан уюштурулуп жаткан жайкы лагерлердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө, алардын шарттарын жана мыйзамдуулугун кароо максатында онлайн форматтагы жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга КМДБнын жетекчилиги, тиешелүү бөлүмдөрдүн өкүлдөрү жана өлкөнүн бардык аймактарындагы өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери катышты. Жыйынды КМДБнын өкүлү Рафаил ажы Татиков алып барып, Азирети Муфтийдин 2026-жылдын 22-июнундагы №4/194 буйругун ишке ашыруу алкагында лагерлердин абалы, талаптарга шайкештиги жана уруксат документтеринин абалы караларын белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө бардык аймактык өкүлдөр жайкы лагерлер боюнча маалымат беришти. Алар лагерлерге уруксат берүү алдында тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлүп, санитардык, коопсуздук жана уюштуруучулук талаптарга жооп берген мекемелерге гана уруксат берилгенин маалымдашты.
Маалыматтарга ылайык:
•    Нарын дубанында 6 лагерге (3 жатак, 3 жатаксыз) уруксат берилген;
•    Баткен дубанында 69 лагер уюштурулуп, ага жалпы 3 764 бала катышкан;
•    Ош шаарында 42 жатаксыз лагерь иштеп жатат;
•    Бишкек шаарында 5 лагерь уюштурулуп, талаптарга жооп бербеген айрым жайларга уруксат берилген эмес;
•    Чүй дубанында 21 лагерге уруксат берилип, кошумча төрт медресе экинчи агым үчүн уруксат алган;
•    Жалал-Абад дубанында 186 мечитте жайкы курстар жана 22 медреседе жатак лагерлер уюштурулган;
•    Ош дубанында жалпы 245 лагерь иш жүргүзүүдө, анын ичинен 22си жатак лагерлер;
•    Ысык-Көл дубанында 10 жайкы лагерь иш алып барууда.
Жыйындын жүрүшүндө мечит имамдарынын кыска мөөнөттүү диний курстарды өткөрүү укугу боюнча суроолор да талкууланды. КМДБ өкүлдөрү тиешелүү жобого ылайык, мечит имамдары мечит аймагында кыска мөөнөттүү курстарды өткөрүүгө укуктуу экенин, ал эми жайкы лагерлерди уюштурууда сөзсүз түрдө белгиленген тартипте уруксат алуу зарылдыгын түшүндүрүштү.
Ошондой эле мечит же медреседен тышкары имараттарда лагер уюштуруу үчүн имараттын тиешелүү документтери болушу, ижара келишими түзүлүшү жана аймактык өкүлчүлүк менен Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан макулдашылышы керектиги белгиленди.
Жыйындын жыйынтыгында төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
1.    Көчмө лагерлерди уюштурууга уруксат берилбесин;
2.    Уруксат алган бардык лагерлер кайрадан толук текшерүүдөн өткөрүлсүн;
3.    2026-жылдын 29-июнуна чейин бардык аймактарда кошумча текшерүүлөр жүргүзүлүп, талаптарга жооп бербеген лагерлердин ишмердүүлүгү токтотулсун;
4.    Тийиштүү документтери жана шарттары жок лагерлер боюнча жеринде акт түзүлүп, ички иштер органдарына кайрылуу жана КМДБга маалымат берүү камсыздалсын.
КМДБ балдардын коопсуздугун, билим алуу шарттарын жана диний агартуу иштеринин мыйзам чегинде жүргүзүлүшүн камсыз кылуу максатында жайкы лагерлердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү улантат.