“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Общество | 17.06.2026
  • |

КМДБнын Адал бөлүмүнүн делегациясы Казакстанга иш сапары менен барды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун «40 кадам» иш мерчеминин алкагында КМДБнын Адал бөлүмүнүн делегациясы Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына иш сапары менен барды.

Делегациянын курамында КМДБнын Адал бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев, бөлүмдүн кызматкерлери Дастан ажы Нукунов, Нурсултан Бактыбек уулу, ошондой эле Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, адал тармагы боюнча координатор Марс ажы Ибраев бар.

Иш сапардын негизги максаты — Кыргызстандагы адал тармагын өркүндөтүү, сертификаттоо жана көзөмөл жүргүзүү багытында тажрыйба алмашуу, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө.
Кыргызстандык делегацияны Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасынын орун басары  Кенжетай Байкемелұлы тосуп алды.