Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат». Зумар сүрөсү, 39/9
Ыйык Мекке шаарында Ажылык жана умра министрлиги тарабынан уюштурулган «Ажылыкты – миск менен жыйынтыктоо» аттуу жыл сайын салттуу түрдө өтүүчү расмий салтанат уюштурулду. Бул иш-чара зыяратчыларга кызмат көрсөткөн мекемелердин эмгегин баалоо, аларга ыраазычылык билдирүү жана келерки 2026-жылдагы ажылыкка даярдыктарды баштоо максатында уюштурулду.
Салтанатка дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн расмий өкүлдөр катышып, алардын катарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов жана 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Labbaytum» аттуу сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлүп, ажылык маалында мыкты кызмат көрсөткөн мекемелер, өзгөчө «Ажылык иштери боюнча кеңселер» категориясында жеңүүчүлөр Ардак грамоталар менен сыйланышты.
Ажылык жана умра министри, доктор Тавфик бин Фаузан ар-Рабия өз сөзүндө 2025-жылдагы ажылык сезону жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, ага салым кошкон бардык мекемелерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, министр 2026-жылдагы ажылыкка даярдыктардын азыртан башталганын расмий жарыя кылды.
«Биз бүгүнкү күндү ажылык мезгилинин аягы катары эмес, жаңы башталыш катары кабыл алабыз. Аллахтын меймандарын тейлөө – биз үчүн чоң сыймык. Ажылык учурунда башынан тарта жогорку жоопкерчилик менен иштеп, бардык иш-аракеттерди так пландап, коопсуз жана ыңгайлуу ибадат шартын камсыздоого аракет кылдык. Эми келерки 2026-жылдагы ажылыкка даярдыктарга азыртан киришебиз. Максатыбыз – кызматтардын сапатын жогорулатуу жана зыяратчылардын толук ыраазычылыгына жетүү», – деди министр өз сөзүндө.