Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Бүгүн, 26-апрель күнү баш калаада Кыргызстан мусулмандарынын IX Курултайы өтүп, ага жер-жерлерден 220 делегат катышты. Курултайдын күн тартибине Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышын ишмердүүлүгүн баалоо, VIII чакырылышынын курамын бекитүү жана жаңы мыйзамга ылайыкталып, өзгөртүп-толуктоо киргизилген КМДБнын уставын кабыл алуу маселелери коюлду.
Саамалыкка Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары – стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору, этнограф Октябрь Капалбаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБ түзүмүндөгү диний кызматкерлер, Замир кары Ракиев башында турган Аалымдар Кеңеши, коноктор жана диний жааттагы активист аялдар катышты.
Курултайдын жүрүшүндө Аалымдар Кеңешинин 4 жыл бою жүргүзгөн ишмердүүлүгү жогору бааланды. Ошондой эле КМАКтын каттоо жана аттестациялоо комиссиясы уюштурган сынактан жогору балл алган талапкерлер Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө бекитилди. Мындан сырткары тиешелүү нормативдерге ылайык өзгөртүлүп-толукталган КМДБнын жаңы уставы бир добуштан кабыл алынды.
Анын алкагында Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнүн саны 21 ден 25 ке көтөрүлдү. Жаңы бекиген КМАКтын алгачкы кеңешмесинде төрагалыкка Замир кары Ракиев сунушталып, бир добуштан шайланды.
Аалымдар Кеңешинин жаңы курамы:
1. Замир Ракиев
2. Абдиманап Масалиев
3. Абдиваси Матраимов
4. Максатбек Токтомушев
5. Дүйшөнбек Өтөнбаев
6. Абдишүкүр Нарматов
7. Калилидин Исаков
8. Абдулла Асыранкулов
9. Данияр Мурадилов
10. Кенжетай Курманкожоев
11. Жеңишбек Курбанов
12. Мирзат Барпыбеков
13. Эмилбек Асылбеков
14. Эльдияр Көбөнов
15. Марс Ибраев
16. Мухаммад Аноркулов
17. Султанбек Ташматов
18. Жумадыл Акматжан
19. Асан Сыргабаев
20. Нурулло Рахматуллаев
21. Кабылбек Акматов
22. Нуридин Асомудинов
23. Абдиравшан Дүйшөев
24. Жигитали Исмайилов
25. Анасхан Ташхужаев