«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 15.09.2026
  • |

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Бакудагы Сейид Яхья Бакувинин мурасына арналган конференцияга катышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Бакудагы  Сейид Яхья Бакувинин мурасына арналган конференцияга катышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров Баку шаарында өтүп жаткан  Түрк мамлекеттеринин муфтийлеринин VII жыйынынын алкагында улуу аалым, ойчул жана суфий Сейид Яхья Бакувинин илимий жана руханий мурасына арналган эл аралык конференцияга катышууда.
Иш-чарага Түрк мамлекеттери уюмунун, Дүйнөлүк мусулман аалымдары кеңешинин, IRCICA, ICESCO жана Аль-Азхар аалымдар кеңешинин өкүлдөрү, ошондой эле белгилүү окумуштуулар жана ислам таануучулар катышууда.
Конференцияда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи   баяндама жасап, Сейид Яхья Бакувинин илим-билим, адеп-ахлак жана руханий тазалыкка үндөгөн мурасынын маанисине токтолду.
Азирети муфтий мындай иш-чаралар боордош элдердин ортосундагы достукту, ынтымакты жана руханий биримдикти бекемдөөгө салым кошоорун белгиледи.