“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Палестинанын улуттук курама командасына каршы эки эл аралык жолдоштук беттеш өткөрөт.
Тилектештиктин жана колдоонун белгиси катары Кыргыз футбол биримдиги Палестина элине жардам көрсөтүүгө багытталган кайрымдуулук акциясын уюштурууда. Бул демилгенин алкагында беттештерге сатылган билеттерден түшкөн каражаттын бир бөлүгү Палестина элине колдоо көрсөтүүгө жумшалат.
Оюндар 6-жана 9-июнь күндөрү Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Беттештердин башталышы саат 20:30да.