“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Общество | 29.06.2026
  • |

Лейлек районунда "Билим таймаш" уюштурулду

Лейлек райондук хатибиятынын иш мерчемине ылайык, айыл өкмөттөрдүн имамдарынын диний билимин жогорулатуу жана өз ара тажрыйба алмашуусун чыңдоо максатында «Билим таймаш» уюштурулду.

Аталган таймашка Баткен облусунун Лейлек районундагы 9 айыл аймагынан жана 1 шаардан түзүлгөн командалар катышып, өздөрүнүн диний билим деңгээлин сынашты. Таймаштын суроолору Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын Азирети Муфтийи Абдилазиз кары Закиров тарабынан айыл өкмөттөрдүн имамдарына берилген тапшырмага ылайык, имамдардын окуп жаткан сабактарынын жана «Мухтасар Викоя» китебинин негизинде даярдалды.

Жыйынтыгында: 

🥇 I орун – Кең-Талаа айыл аймагынын имамдары; 

🥈 II орун – Тогуз-Булак айыл аймагынын имамдары; 

🥉 III орун – Ак-Суу айыл аймагынын имамдары ээ болушуп, райондук хатибият тарабынан мактоо баракчалары менен сыйланышты.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар мындай билим таймаштарынын пайдалуулугун белгилешип, мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлүп туруусун сунушташты.

Өз сөзүндө Лейлек районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Абдыгапар уулу Кубатбек мындай деди:

 «Бул билим таймашы ар бир имамдын билимин бекемдөөгө чоң өбөлгө түздү. Өзүбүз сабак өтүп жаткан темалар жана “Мухтасар Викоя” китеби боюнча даярдалган суроолорго жооп берүү менен билимдерибизди дагы бир жолу бышыктадык. Бул эң оболу өзүбүз үчүн пайдалуу болду. Мындай иш-чараларды мындан ары да байма-бай уюштуруу зарыл.»

Бул иш-чара имамдардын диний билимин өркүндөтүүгө, биримдигин бекемдөөгө жана кызматтык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.