«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Общество | 30.09.2026
  • |

Ливия мамлекетинде 14-ирет дүйнөлүк Куран жарышы өтүүдө

Ливия мамлекетинин Сирт шаарында Куранды жаттоо, туура жана тажвид эрежелерине ылайык окуу жаатындагы дүйнөлүк Куран жарышы өтүп жатат.

Бул абройлуу эл аралык сынак 27-сентябрда башталып, 7-октябрда жыйынтыкталат. Ага дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен келген 80ден ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.

Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай — аталган дүйнөлүк Куран жарышында Кыргызстандыктардын да салымы бар. Кыргызстандан Таштемиров Асылбек кары Эл аралык Куран жарышына калыс катары чакырылып, сынактын калыстар курамында өз милдетин аткарып жатат.

Быйылкы дүйнөлүк Куран жарышы төрт негизги категория боюнча өткөрүлүүдө:

1. Куранды толугу менен жатка окуу жана тажвид эрежелерин так сактоо;
2. Куранды толук жаттоо менен бирге анын тафсири боюнча билимди текшерүү;
3. Он кыраат боюнча жарыш;
4. Куранды жаттоого жаңыдан киришкен эң жаш катышуучулар үчүн атайын категория.

Бул сынак Куранды жаттоодо, окууда жана анын илимдерин өздөштүрүүдө дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн карылары менен хафиздеринин башын бириктирген маанилүү эл аралык иш-чаралардын бири болууда.

Кыргызстандын атынан бул дүйнөлүк жарышка Куранды толук жаттаган, ошондой эле Курандын тафсири боюнча сынакка катышып жаткан белгилүү хафиз Умаров Мухаммадали кары да катышууда.

Мухаммадали кары буга чейин Сауд Араб Падышалыгында өткөрүлгөн эл аралык Куран жарышында жеңүүчү аталган. Анын бул ирет да Кыргызстандын намысын эл аралык деңгээлде татыктуу коргоп, өлкөбүздүн Куран жаттоо жаатындагы жетишкендиктерин дүйнөгө таанытууга салым кошуп жатканы кубандырат.

Мындай эл аралык Куран жарыштары — Куранды жүрөгүнө сактаган хафиздердин өз ара тажрыйба алмашуусуна, Куран илимдерин жайылтууга жана жаш муундарды Аллахтын Китебин үйрөнүүгө шыктандырууга чоң мүмкүнчүлүк.