«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Үстүбүздөгү жылдын 12-16-октябрь күндөрү Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор жана Нарын райондорунда диний-руханий агартуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү» Жарлыгын аткарууга алуу, ошондой эле 2024-2029-жылдарга Азирети Муфтийдин КМДБны өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган 40 камдамдан турган стратегиялык планын ишке ашырууга багытталды.
Саамалыкта улуттук иденттүүлүктү сактоо, үй-бүлө институтун бекемдөө, адеп-ахлактык тарбияны өнүктүрүү көздөлгөнүн жана мамлекеттик идеологияны колдоо менен бирге, аны ишке ашырууга багытталганын модератор – Азирети Муфтийдин Нарындагы өкүлү Нуридин ажы Мамасабиров билдирди.
«Бекем үй-бүлө – жаркын келечек» аттуу чоң масштабдагы иш-чарабызды КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн көмөгү, райондук мамлекеттик администрация башчыларынын жардамы менен өткөрүп алдык. Бул иш-чарага аалымдарды конок лектор катары чакырып, жүрөктөрдү жумшарткан баяндарын айтууларына шарт түздүк. Учурдан пайдаланып, саамалыгыбызга салым кошкон жана жардам берген бардык инсандарга терең ыраазычылык билдиремин», – деди диний өкүл өз сөзүндө.
Айта кетсек, бул иш-чара КМДБнын Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен өткөрүлдү. Саамалыктын жүрүшүндө КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Эрик ажы Молдокулов, КИУ окутуучусу Шермухаммед ажы Ташматовдор баяндама жасашса, райондук мамлекеттик администрация башчылары – акимдер аймактагы диний абал тууралуу сөз сүйлөштү.