"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 29.05.2026
  • |

Ноокатта диний билим берүүгө кызыкдар болгон айымдар үчүн семинар өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы жалпы диний билим берүүгө кызыкдар болгон айымдар үчүн семинар өткөрүлүп, ага 200дөн ашуун айым катышты. 

Семинарда КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, КМДБнын Ош облусундагы өкүлүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу Абдималик ажы Турсунбеков жана Ноокат районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Бекназар ажы Жапаров баяндама жасап, диний билим берүүдө үйлөрдө мыйзамсыз окутууга жол бербөө керектиги айтылды. 

"Өлкөдө дин тутуу эркиндиги бар. Диний билим алуу үчүн мечит-медреселерибиз кудайга шүгүр жетиштүү иштеп келүүдө. Жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жаңыдан да салынып жаткан медреселер бар. Мына ушундай шарттар түзүлүп жаткан учурда үйлөрдө жашыруун түрдө диний билим берүүгө аракеттенген адамдар да жок эмес. Мыйзамсыз диний окууларды алдын алып, мыйзамдуу түрдө сапаттуу билим бериңиздер. Жаштарыбызды ар түрдүү диний экстремисттик уюмдарга кирип кетүүсүнөн сактоо керек"- деди Фурхатбек Адилбек уулу 

Ал эми КМДБнын Ош облусундагы өкүлүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу Абдималик ажы Турсунбеков акыйда маселелери боюнча кылдаттык менен мамиле кылууга чакырды.